Жаңылыктар
Сейилдөөгө, спорт аянтчаларын эркин колдонууга уруксат берилди - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Сейилдөөгө, спорт аянтчаларын эркин колдонууга уруксат берилди - Кыргызстан жаңылыктары

Бишкек шаары акырындап мурдагы жашоо ыргагына түшө баштады. Сейил бактарга, парктарга сейилдөөгө, спорт аянтчаларын эркин колдонууга уруксат берилди. Велосипеддерди ижарага берүү кызматы да ишин жандантты. Бул боюнча буйрукка өткөн аптада ордо калаанын мэри кол койгон. Чектөөлөрдүн алынганына шаар тургундары кубанычта.

Бир нече айга созулган чектөөлөр болгону байкалбайт. Сквер менен сейил бактарга адам толуп, кеңири эс алууда. Буга чейин ордо калаада эпидемиологиялык абал курчуп кеткендигине байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген болчу. Анын ичинде шаардыктарга ээн-эркин сейилдөөгө тыюу салынган. Эми велосипед, роликти тээп эс алса болот.

Ачык асман алдындагы спорт аянтчаларына барууга да уруксат берилди. Аралыкты сактап спорт менен алектенүү короновирус жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат. Жашоону кыймыл аракет менен өткөргөн тургундар кырдаал жумшарганына кубанычта. Эми алар спорт аянттарына келип, ырахаттануу менен убактысын өткөрө алат.