Жаңылыктар
Айрым партияларда жаралган жагдайлар такталат - БШК
Шайлоо 2023
Айрым партияларда жаралган жагдайлар такталат - БШК

БШКнын жумушчу тобунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 17 партиянын үчөөнө айрым жагдайлар боюнча суроолор пайда болду. Алардын документтери дагы эле текшерилип жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүн шайлоо комиссиясынын отурумунда билдирди. 

Анын айтуусунда, жумушчу топтун "Биримдик", "Кыргызстан" жана "Реформа" партияларына айрым жагдайлар боюнча тактап алчу суроолор бар.

Кийинчерээк партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана журналисттерге маалымат берилет.