Жаңылыктар
12-кичи районуна көп кабаттуу турак жай куруу мерчемделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
12-кичи районуна көп кабаттуу турак жай куруу мерчемделүүдө

Бишкек шаарынын 12-кичи районундагы балдар аянтчасына көп кабаттуу турак-жай курулуу пландалууда. Аталган райондун тургундарынын бул тууралуу 13-июнда  маалымат жыйында  билдирген  маалыматтарына  караганда, аталган жер тилкеси 2007-жылы Бишкек шаардык мэриянын  токтому менен  сатылып кеткен. Учурда бул жерге мыйзам бузуулар менен 9 кабаттуу үй салынганы турат, курулуш иштери ал жердеги 173-бала бакчанын тарбиялануучулары  үчүн кооптуу  деп айтышат тургундар. Шаар башчысы Албек Ибраимов, борбор калаада мындай көрүнүштөр арбын, бул  боюнча  иликтөө иштери  жүргүзүлгөндөн кийин карап чыгарын билдирди.

Маалымат жыйындын  катышуучулары  учурда  “Аврора”  турак жайды  эксплуатациялоо  мекемеси  Жогорку  Сотко кайрылышкандыгын кошумчалашты. 

Г.Каражанова, “Биринчи радио”