Жаңылыктар
Бишкек шаары кадимки жашоого кайтууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары кадимки жашоого кайтууда

Бишкек шаары акырындап мурдагы жашоо ыргагына түшө баштады. Сейил бактарга, парктарга сейилдөөгө жана спорт аянтчаларын эркин колдонууга уруксат берилди. Велосипеддерди ижарага берүү кызматы да ишин жандантты. Бул боюнча буйрукка өткөн аптада ордо калаанын мэри кол койгон. Чектөөлөрдүн алынганына шаар тургундары кубанычта.