Жаңылыктар
БШК: бир катар саясий партиялардын тапшырган документтеринен мүчүлүштүктөр табылды
Шайлоо 2023
БШК: бир катар саясий партиялардын тапшырган документтеринен мүчүлүштүктөр табылды

Конституциялык мыйзамдын талаптары боюнча КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 24-августта саат 18:00гө чейин саясый партиялар тиешелүү документтерди тапшырышты.


КР БШКсы документтерди кабыл алгандан кийин 10 календарлык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү конституциялык мыйзамдын талаптарына туура келерин текшерип жана талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрөт, же болбосо каттоодон баш тартуу үчүн себептерин көрсөткөн чечим кабыл алат. Бул текшерүү мыйзам тарабынан бекитилген мекемелер аралык өз ара иштешүүнүн электрондук системасын колдонуу менен да жүргүзүлөт.


Ошол эле учурда Шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесинен же талапкерлердин документтеринен аларды каттоого тоскоолдук келтире турган туура келбөөчүлүктөрдү тапса, Шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алгандан кийин 24 саат ичинде саясый партияга мындай дал келбөөчүлүктөр тууралуу билдирүүгө милдеттүү.


Саясый партиялардын талапкерлеринин тизмесин көрсөтүүлөрүнүн конституциялык мыйзамдын талаптарына туура келүүсүн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого саясый партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу тобу саясый партиялардын тапшырган документтеринен бир катар туура келбөөчүлүктөрдү тапты. Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди.


Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы берилген документтердеги туура келбөөчүлүктөр тууралуу төмөнкү партияларга билдирүү чечимин кабыл алды:

  • «Актив»,
  • «Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясый партиясы”,
  • «Мекен Ынтымагы»,
  • «Ыйман Нуру»,
  • «Замандаш»,
  • «Чоң Казат»,
  • «Реформа»
  • «Республика»,
  • «Бүтүн Кыргызстан»,
  • «Социал-демократтар»,
  •  «Биримдик» демокартиялык партиясы”(“Единство”),
  • «Мекеним Кыргызстан»,
  • «Ордо»