Жаңылыктар
Манасчы Азиз Баймырза уулу баш болгон өнөр адамдары Ысык-Көл жээгинен ак өргөлүү болушту
Маданият
Манасчы Азиз Баймырза уулу баш болгон өнөр адамдары Ысык-Көл жээгинен ак өргөлүү болушту

"Манас" эпосун сактоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн манасчы Азиз Баймырза уулуна, жаш муундагы улуу өнөрдү аркалагандыгы, кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн төкмө акын Эсенбек Кийизбаевге, кытайлык боордош төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна 2 бөлмөлүү батирлер белек кылынды.

Белгилүү болгондой, батирлер "Айкөл-Аян" коомдук фондунун негиздөөчүсү Азиза Мамбетказиеванын демилгеси менен манасчылардын ордосу аталган Тоң районунун Кажы-Сай айылынан берилди.

Манасчы, акындар Ысык-Көл жээгинен ак өргөлүү болушкандыгы тууралуу маалыматты кесиптештери социалдык тармактагы баракчаларына жазып, куттукташууда.