Жаңылыктар
Мамэкотехинспекция: Бишкектен турак жай сатып алууну көздөсөң, анын мыйзамдуу экенин аныктап ал
Кыргызстан жаңылыктары
Мамэкотехинспекция: Бишкектен турак жай сатып алууну көздөсөң, анын мыйзамдуу экенин аныктап ал

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарга инженердик түйүндөргө кошулууга уруксат берилбейт. Мыйзамга ылайык, архитектуралык документациясы жок бир дагы курулуш ишке ашпашы керек. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти. 

Бул аралыкта аталган Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчылыгы Бишкек шаарындагы мыйзам бузуу менен курулган бир катар үйлөрдү жана көп кабаттуу үй курган компанияларды аныктагандыгын билдирди. 

Ушул тапта мыйзамсыз курулушу аягына чыга элек имараттардын дарегинин тизмесин жарыялап аларга айып пул салынууда.

Мисалы, И.Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Джал-15» кичирайонундагы ЖЧК «Ак-Шагылга» таандык көп кабаттуу үй талапка жооп бербегендиктен бузулушу керек. Ошондой эле ЖЧК «Кант Сервис Плюс» компаниясынын тогуз кабаттуу үйлөрдү курууга толук уруксат берген документтери жок болуп чыгып, аларга 23 миң айып салынды.

Эгерде жарандар Бишкек шаарынан турак жай сатып алууну көздөгөн болсо, анын мыйзамдуу экенин аныктоо үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан такташы зарыл.