Жаңылыктар
Россия менен аба каттамдарын жандандыруу маселеси чечиле элек, - Жарандык авиация агенти
Кыргызстан жаңылыктары
Россия менен аба каттамдарын жандандыруу маселеси чечиле элек, - Жарандык авиация агенти

Кыргызстанга Кувейт, Өзбекстан, Тажикстан жана Индия мамлекетинен аба каттамдарды калыбына келтирүү боюнча расмий сунуштар түштү. Бул тууралуу Жарандык авиация агентинин башчысы Курманбек Акышев билдирди. 

Айтымында, учурда Кувейт менен Өзбекстандын жиберген сунуштары каралууда, азырынча чечим кабыл алына элек. Ал эми Индия менен Тажикстандын авиакаттамдарды жандандыруу боюнча сунуштары учурда талкууланып жатат. Негизинен аба каттамдарын жандантуу боюнча сунуштар республикалык штабдын кароосуна жөнөтүлөт.

Ал эми Россия багыты боюнча аба каттамдарын жандандыруу маселеси учурда каралып жаткандыгын Курманбек Акышев маалымдады. Анын билдирүүсү боюнча так чечим сентябрь айында кабыл алынат. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аба каттамдарын ачуу боюнча Россия тарап расмий жооп бере элек. 

"Турция чек аралар ачыла электе эле, Кыргызстанга Стамбул–Бишкек–Улан-Батор үзгүлтүксүз аба каттамын жандандырууну оозеки сунуштаган. Бирок расмий кайрылуу алар тараптан келип түшкөн эмес. Расмий кайрылуу түшкөн соң, карайбыз", - дейт Жарандык авиация агентинин башчысы Курманбек Акышев.