Жаңылыктар
Эпидемиологиялык абалга жараша мектептер этап-этабы менен штаттык режимде окууга өтөт
Билим
Эпидемиологиялык абалга жараша мектептер этап-этабы менен штаттык режимде окууга өтөт

Жаңы окуу жылында мектептерди жана окуу класстарын этап-этабы менен ачып, штаттык режимде иштөөгө өткөрүү маселеси Билим берүү жана илим министрлигинде учурда каралууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде министр Каныбек Исаков маалымдады.

Анын билдирүсүндө эгер өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшырса, министрлик экинчи окуу чейрегин күтпөстөн, мектептердин ишин этап-этабы менен жандантып, окуучулар мектепке келип окуй башташат. 

АКШ жана Германияда окуучулар офлайн-режимде окушуп, окуучулар арасынан коронавирус аныкталып, класстар жабылганын мисал келтирген министр, бизде да маселени тыкыр карап чечүү керектигин билдирди.

Исаков жеке менчик мектерди аз сандагы окуучулар менен ачуу боюнча суроого, бардык мектептер үчүн талап бирдей болуш керек деп жооп берди.    

Эске салсак, 1-сентябрдан тартып 1-класстын окуучулары гана мектептен билим алат, калган класстар онлайн режиминде аралыктан окушат.