Жаңылыктар
Жогорку класстын окуучулары жаңы окуу жылында салык боюнча онлайн билим ала алышат
Билим
Жогорку класстын окуучулары жаңы окуу жылында салык боюнча онлайн билим ала алышат

Жаңы окуу жылынан баштап жалпы билим берүү мектептеринин жогорку классынын окуучулары жана экономикалык эмес жогорку окуу жайлардын студенттери салык мыйзамдары боюнча онлай режиминде билим ала алышат.

Катышуучулар окуган жерден онлайн режиминде же түздөн-түз окутуу формасын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, тагыраак айтканда, окуу жайларында заманбап окуу куралдарды жана технологияларды, анын ичинде компьютерлерди, смартфондорду, ноутбуктарды же башка чакан колдонмолорду пайдаланышат.

Бул максатта Мамлекеттик салык кызматы кийин жаштарга салыктык сабаттуулук боюнча сабактарды өтүү үчүн  аймактык салык органдарынын салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүмдөрүнүн 116 кызматкерин дистанттык окуудан өткөрдү. Мында, салык системасынын негиздери менен таанышуу үчүн жаңы окуу куралдары пайдаланылат.

Мындан сырткары, окуу жайлар менен кызматташуунун алкагында ЖОЖдордун жана орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары үчүн ушул сыяктуу окутуучу тренингдер өткөрүлдү. Тренинг дистанттык окутуу куралдарын жана заманбап методдорду пайдалануу менен онлайн-режиминде өткөрүлдү.