Жаңылыктар
Кара-Кечеге 10 күндүн ичинде убактылуу жол салынат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Кечеге 10 күндүн ичинде убактылуу жол салынат - Кыргызстан жаңылыктары

Кара-Кечеге 10 күндүн ичинде убактылуу жол салынат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы билдирди. 

Буга чейин Кара-Кече көмүр кенине бара жаткан жолго таш кулап, электр мамылары үзүлгөн. Ошондон бери ал жакта электр жок болуп, экскаватор жана башка техникалар иштебей турат. 

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен жолду калыбына келтирүү максатында тиешелүү мекемелердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн камтыган жумушчу топ түзүлгөн.

«Жумушчу топ таш кулаган жолду тазалоо, жүк ташууну жана электр чубалгыларын калыбына келтирүү боюнча алгачкы иш пландарын түзүштү. Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Кечеге 10 күндүн ичинде убактылуу жол курулат»— деп мамлекеттик ишканадан билдиришти.