Жаңылыктар
Милициянын патрулдук кызматы коомго кандай пайда алып келди?
Кыргызстан жаңылыктары
Милициянын патрулдук кызматы коомго кандай пайда алып келди?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимовду жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевди кабыл алды. Жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн реформалоо маселелери жана коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланды. Тамерлан Ибраимов реформанын жыйынтыктары Бишкек шаары боюнча милициянын Патрулдук кызматынын иши жана Ош шаарынын милициянын Патрулдук кызматын түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.