Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына арналган иш чаралардын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата окуучулар арасында “Менин сүйүктүү Кыргызстаным” аттуу республикалык онлайн-акциясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Максаты - балдарды өз мекенин сүйүүгө жана аны менен сыймыктанууга жана патриоттуулукка тарбиялоо, Кыргызстандын тарыхын, илимин, маданиятын, салт-санаасын, жаратылышын билүүгө болгон кызыгуусун жогорулатуу, балдардын жана жаштардын интеллектуалдык жөндөмүн, креативдүүлүгүн, социалдык, маалыматтык, илимий-изилдөөчүлүк, маданий-эстетикалык компетенцияларын өнүктүрүү.
Акция 27-августтан 1-сентябрга чейин Кыргызстандагы мектептердин жана мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында өткөрүлөт.
Акциянын алкагында төмөндөгү багыттар боюнча сынактар уюштурулат:
- «Жүрөгүмдө Кыргызстан» республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасы;
- «Эмне? Кайда? Качан?» оюну. Аралыктан өтөт;
- Компьютердик плакаттардын «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык сынагы;
- Видеороликтердин «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» республикалык онлайн-сынагы;
- “Кыргызстандын келечеги балдарда!” бий марафону.
Акциянын жыйынтыгы 1-2-сентябрда чыгарылат, жеңүүчүлөр Министрликтин I, II, III даражадагы дипломдору менен сыйланышат жана министрликтин расмий сайтына чыгарылат.
Сынактын жобосу жана шарттарын бул шилтмеден жүктөп алсаңыз болот: https://edu.gov.kg/kg/news/egemendlk-knn-karata-menin-sjkt-kyrgyzstanym-attuu-okuuchular-aralyk-onlajn-akciya-tt/