Жаңылыктар
Дагы бир саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан четтетилет. Кызыктар алдыда
Шайлоо 2023
Дагы бир саясий партия парламенттик шайлоого катышуудан четтетилет. Кызыктар алдыда

"Актив" саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан четтетилет. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Буга чейин "Актив" партиясы каттоо үчүн керек болгон бардык документтерди тапшырган, бирок 24-августка чейин 5 млн сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөн эмес. 

Ошондой эле "Мекен Ынтымагы" саясий партиясы тарабынан 5 млн сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгү тууралуу БШКга маалымдама берилген эмес. Бирок партия эсепке акча которулгандыгын айтып, маалымдама кагазын алып келүүнү убадалаган.

Бүгүн, 27-августта партиялар тарабынан берилген документтердеги кемчиликтерди оңдоо мөөнөтү аяктайт.

Ошентип, төмөнкү партиялар парламенттик шайлоого катышуу алдында турат:

  1. «Афганистан согушунун ардагерлеринин жана башка согуштук конфликттердин катышуучуларынын саясый партиясы”.
  2. "Мекен Ынтымагы".
  3. "Ыйман Нуру".
  4. "Замандаш".
  5. "Чоң казат".
  6. "Реформа".
  7. "Республика".
  8. "Бүтүн Кыргызстан".
  9. "Социал-демократтар".
  10.  «Биримдик» демокартиялык партиясы”(“Единство”),
  11. "Мекеним Кыргызстан".
  12. "Ордо".
  13. "Бир Бол",
  14. "Ата-Мекен",
  15. "Мекенчил".

Ал эми "Кыргызстан" партиясы тууралуу маселе бүгүн Бишкек шаарынын Административдик сотунда чечилет. Буга чейин БШК партияга каттоо тууралуу документтерин артка кайтарып берген. «Кыргызстан» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобунун чечиминин үстүнөн сотко кайрылаарын билдирүүдө.

Эске салсак, 25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапкан.