Жаңылыктар
Турсунбай Бакир уулу: "Шайлоого катышуу укугуман эмне үчүн А.Мадумаров ажыратышы керек?"
Шайлоо 2023
Турсунбай Бакир уулу: "Шайлоого катышуу укугуман эмне үчүн А.Мадумаров ажыратышы керек?"

"Менин бир гана талабым, бул «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 19-август күнү курултайда бекиткен  талапкерлердин чыныгы тизмесин БШКга өткөрсүн. Окуянын чоо-жайын тактабай эле, менин дарегиме катуу сындар айтылууда. Мени партиядан чыгып кетти деген сөз негизсиз"-, мындай пикирин ал кечээ өткөргөн маалымат жыйында  билдирди. 

Экс-депутат жана мурунку акыйткатчы Турсунбай Бакир уулу "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого чогуу аттанган. Учурда ал, курултайда каралган чечимди ич ара сүйлөшүп, өзгөртүп жибергенине нааразы. 

Башында ал биринчи ондукта болсо, кийин үчүнчү ондукка түшүп кеткен. Мындай жагдай шайлоого жумшала турган акча каражатына байланыштуу болгон.  Адахан Мадумаров  алдыңкы катардагылар 200 миң АКШ доллар менен киргенин  Турсунбай Бакир уулуна телефон аркылуу жазышканда билдирген. 

Тизме тууралуу уккандан кийин, бир нече жолу Адахан Мадумаровго жеке кайрылып, жооп ала алган эмес.  Эгерде "Бүтүн Кыргызстан" партиясы курултайда бекиткен тизмени БШКга өткөрбөсө, анда ал мыйзам чегинде чара көрөрүн айтып кетти.