Жаңылыктар
Президенттин Ардак грамотасы менен "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери сыйланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин Ардак грамотасы менен "Ала-Тоо 24" каналынын кызматкерлери сыйланышты

Дүйнө өлкөлөрү менен катар Кыргызстанда да жайылган коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн өлкөнүн бир катар жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышты.  

Алардын катарында ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн КТРКнын "Ала-Тоо 24" каналынын биринчи категориядагы телеоператор-монтажеру Эсентур Абыкеев жана баяндамачы Нургүл Жумабекова Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасы менен сыйланышты. 

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-августта, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө көрсөткөн каармандыктары, ак эмгеги үчүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.