Жаңылыктар
Кыргызстан дүйнөнүн 12 өлкөсү менен соода сатык алакаларын көбөйттү - Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
Кыргызстан дүйнөнүн 12 өлкөсү менен соода сатык алакаларын көбөйттү - Кыргызстан жаңылыктары

Жарым жылдын ичинде Кыргызстан дүйнөнүн 12 өлкөсү менен соода сатык алакаларын көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 

Алты айда Армения, Греция жана Сирия мамлекеттери менен соода-сатыкта тыгыз иш жүргүзүлдү. Ал эми соода жүргүзүү деңгээли өзгөрүүсүз бойдон калган жалгыз өлкө Польша. Өлкөнүн тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 2 жарым миллиард долларды түзүп, былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу 22%га төмөндөгөн. 

Экспорттун көрсөткүчү 950 миллион долларды түзүп, ал 21%га көбөйгөн. Ошондой эле 2019-жылдын алты айына салыштырмалуу импорттук киреше 32%га кыскарган.