Свердлов райондук сотунун алдында 60-70ге жакын адам чогулуп, өз наарызылыктарын билдирүүдө. Алардын арасында "Кыргызстан", "Ата Мекен", "Реформа" жана "Чоң Казат!" партияларынын өкүлдөрү жүрүшөт.
Бүгүн, 27-август күнү саат 15:00до "Кыргызстан" саясий партиясына карата, БШКнын чечимине байланышкан Соттук отурум болот.
Эске салсак, 25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапкан.