Жаңылыктар
"Кыргызстан" партиясынын даттануусу боюнча сот: тарапташтар акыйкаттулукту талап кылууда
Шайлоо 2023
"Кыргызстан" партиясынын даттануусу боюнча сот: тарапташтар акыйкаттулукту талап кылууда

Бүгүн, 27-августта "Кыргызстан" партиясынын БШКнын чечимине карата даттануулары каралып жаткан Бишкек шаардык административдик сотунун алдында партиянын тарапташтары чогулушту. 

Соттун алдына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтарынан тышкары «Чоң казат», "Ата Мекен", "Реформа", "Бир бол" саясий партияларынын өкүлдөрү да келишкен. Алар провокацияга алдырбоого чакырышууда. Чогулгандардын пикиринде, мында келгендер акыйкаттуулукту талап кылышууда.

Эске салсак, буга чейин БШК "Кыргызстан" партиясын каттоо тууралуу документтерин артка кайтарган. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапкан.