Жаңылыктар
Кумтөр таржымалы элге ачык-айкын жетүүсү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Кумтөр таржымалы элге ачык-айкын жетүүсү зарыл

Бүгүн, 14-июнда Алмазбек Атамбаев өлкөнүн башкы прокурору Индира Жолдубаеваны кабыл алды.

Президент Башкы прокуратурага жаңы жагдайларга байланыштуу 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы Кумтөр макулдашууларынын мыйзамдуулугун тергөөнү кайра жандандырууну тапшырды.

Кумтөр долбоору боюнча жаңы жагдайлардын ачылышына байланыштуу президент Башкы прокуратурага ири алтын-кен жайын иштетүүгө байланышкан коррупциялык фактылар жана башка мыйзам бузуулардын алкагында 2003-2004-жылдардагы жана 2009-жылдагы түзүлгөн макулдашуулардын мыйзамдуулук маселесин кайра кароону тапшырды. 

 Атап айтканда, 2003-2004-жылдардагы Кумтөр долбоорун кайра түзүү маселеси жаңы жагдайларды эске алганда такыр башкача өңүттөн көрүнөт. Дал ошол мезгилде Centerra Gold компаниясында кыргыз тараптын үлүшү аныкталган, бирок, эл ичинде үлүш жасалма жол менен төмөндөтүлгөнү тууралуу пикир бар. 

Президент Алмазбек Атамбаев калыс тергөөнү камсыз кылуу маанилүү экендигин белгилеп, бул багыттагы маалыматтар менен коомчулукту өз маалында кабардар кылып туруу зарыл экендигин айтты. Анткени бул иштер көпчүлүктүн көңүл борборунда турат. 

"Негизи Кумтөр долбоору Кыргызстандын сыймыгы жана эң ири инвестициялык долбоор болуп калышы керек эле. Бирок иш жүзүндө эл Кумтөрдү тескерисинче “эң ири алдамчылык” катары кабыл алып, “буга чейинки үй-бүлөлүк-кландык эки режимди тоюндурган жемкордуктун акыры” жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сатып кеткен долбоор катары кабыл алышат. Эмне үчүн мындай болуп калганын эл ачык айкын билиши керек", - деди Алмазбек Атамбаев.