Жаңылыктар
С.Жапыкеев: "Кыргызстан" партиясын шайлоодон биротоло четтетиш керек
Шайлоо 2023
С.Жапыкеев: "Кыргызстан" партиясын шайлоодон биротоло четтетиш керек

Свердлов райондук сотунун имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясынын тарапташтары жана анын каршылаштары да чогулду. Каршылаш тараптан Сыймык Жапыкеев аттуу жаран, "Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоодон биротоло четтетилиши зарыл экенин айтты.

“Кыргызстандын” өткөн шайлоодо 100 миңдеген шайлоочулары болгон. Мурун алар туулган балага 5 миң сом сүйүнчү беребиз, троллейбус бекер болот, автобус бекер болот деп убада беришкен. Ушундай убада берген партия кайта эле шайлоого баратат. БШК бул партияны алып салдыбы? Алып салды. Эми биротоло четтетип салышы зарыл. Ушул жерге акыйкат деп чыктык. Бизге эч ким акча төлөп берген жок".

Белгилей кетсек, экинчи тараптын бул айыптоого жообу болсо сөз берүүгө даярбыз.