Жаңылыктар
Аралыктан окуу: сабакка даярсыңбы? Бишкекте 350 үй-бүлөнүн сыналгысы жок
Билим
Аралыктан окуу: сабакка даярсыңбы? Бишкекте 350 үй-бүлөнүн сыналгысы жок

Бишкек шаарында жашаган 350 үй-бүлөнүн үйүндө сыналгы жок. Бул тууралуу шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Эльмира Иманалиева билдирди.

Анын пикиринде, башкармалык жайында кимдин үйүндө сыналгы бар же жогун аныктоо үчүн атайын иликтөө жүргүзгөн. «Биз иликтөө жүргүзгөнүбүздүн себеби, жаңы окуу жылынын башталышы менен окуучулар үчүн видео сабактар башталат», — дейт Иманалиева.

Ошондой эле башкармалык акимиат жана мектептер менен чогу иштешип, видео сабак көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок үй-бүлөлөрдү сыналгы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында билим берүү мекемелериндеги сыналгыларды убактылуу колдонууга берүү чечими кабыл алынган.

Башкармалыктын жетекчиси маалымдагандай, окуучуларды смартфондор менен камсыздоого өзгөчө басым жасалган жок. Бирок май айындагы иликтөө көрсөткөндөй, Бишкекте 2 миң 646 окуучунун өздүк телефону жок.

Эске салсак, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары гана мектепке барып окушат. Башка класстардын окуучулары жана студенттер онлайн режиминде аралыктан окуусун улантат. Кийинки окуу процесси өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша чечилмекчи.