Жаңылыктар
Судья Чолпон Досмамбетованын төрайымдыгы менен "Кыргызстан" партиясынын доо арызы каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Судья Чолпон Досмамбетованын төрайымдыгы менен "Кыргызстан" партиясынын доо арызы каралууда

Бүгүн, 27-августта Бишкек шаардык административдик сотунда судья Чолпон Досмамбетованын төрайымдыгы менен "Кыргызстан" партиясын каттоо документтеринин БШК тарабынан артка кайтарылышы жана алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого каттоодон баш тартуусу боюнча доо арызы каралып жатат. 

Сот өтүп жаткан учурда «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары жана «Чоң казат», "Ата Мекен", "Реформа", "Бир бол" саясий партияларынын өкүлдөрү да имараттын алдына чогулушкан. Алардын айтымында, мында келгендер соттон акыйкаттуулукту талап кылышууда.

Эске салсак, 25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапкан.