Жаңылыктар
31 - август күнү "Ала- Тоо" аянтындагы иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышат
Кыргызстан жаңылыктары
31 - август күнү "Ала- Тоо" аянтындагы  иш-чарага  президент Сооронбай Жээнбеков  катышат

POST1RIGHT2020-жылдын 31 - август күнү "Ала- Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу менен өтөт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен иш- чара онлайн форматта өтөт. Көрүүчүлөр чакырылбайт. Маданий массалык иш-чаралар жана элдик сейилдөөлөр пландалган жок. Иш-чаралар республикалык телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.Салтанат саат 10:00 дө башталып, 11:00дө аяктайт.

Саат 22:00 дө "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык салют атылат.