Жаңылыктар
Борбор калаага 100 жаңы автобус алынып келет
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага 100 жаңы автобус алынып келет

Борбор калаага 100 жаңы автобус алынып келет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын отурумунда маалым болду. Анда шаардын коомдук транспорт паркы заманбап автобустар менен толукталса, маршруттук таксилердин саны азая турганы айтылды. Ал эми пандемияга байланыштуу убактылуу токтоп турган "Тулпар" электрондук карталары кайрадан бериле баштады. Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, борбордогу 400дөн ашуун муниципалдык транспортко электрондук билеттерди кабыл алган жабдыктар орнотулду.