Жаңылыктар
«Нур» жана «Тартип-Порядок» саясий партиялары шайлоодон баш тартты - Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоо 2023
«Нур» жана «Тартип-Порядок» саясий партиялары шайлоодон баш тартты - Кыргызстан жаңылыктары

«Нур» жана «Тартип-Порядок» саясий партиялары алдыдагы парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты.

Эки партиянын шайлоого катышуудан баш тартары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алары тууралуу билдирүүсү 27-августта каралып, канааттандырылды. Ушуну менен парламенттик шайлоого катышуу боюнча БШКга кайрылып, бирок баш тарткан саясий партиялардын саны 15тен ашты. 

Бир катар партиялар башка саясий бирикмелер менен биригип шайлоого бара турган болуп жатышат. Айрымдары шайлоого катышуу үчүн керек болгон документтерди толук тапшырган эмес.