Өлкөдө орто кесиптик билим берүү мекемелерине тапшыргандар жаштар көбөйдү. Кесиптик билим берген мекемелерге жыл сайын 25-30 миң студент кабыл алынат. Жүргүзүлгөн сурамжылоодо бүтүрүүчүлөрдүн 40-70% ишке орношо турганы белгилүү болду.
Кесиптик окуу жайларды аяктагандар негизинен тамак-аш жана жеңил өнөр жай технологиялары, инженердик техника, курулуш тармактарында көп жумушка орношот. Бүтүрүүчүлөрдүн 30% ашыгы окуусун улантыш үчүн жогорку окуу жайларына тапшырып жатышат. Респблика боюнча 100дөй кесиптик лицей бар, алар 85 адистик боюнча билим берет.