Жаңылыктар
Эл аралык байкоочулар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт
Шайлоо 2023
Эл аралык байкоочулар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзөт

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулары Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү участоктук шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзөт.

Бул тууралуу маалымат 26-августтагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекованын КМШ Парламенттер аралык Ассамблеянын Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Н.А. Сатвалдиев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

КР БШК Төрагасы КМШ ПААнын өкүлүнө шайлоону даярдоонун жүрүшү тууралу маалымат берди. Н.К. Шайлдабекова 2020-жылы шайлоо коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында өтө тургандыгына байланыштуу эпидемияга каршы санитардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Н.А. Сатвалдиев учурда КМШ ПААнын өлкөлөрүнөн эл аралык байкоочулардын тобу түзүлүп жатканы, ага КМШ ПААнын мамлекет-катышуучуларында демократияны өнүктүрүү, парламентаризм жана шайлоо укуктарынын сакталышына байкоо жүргүзүү эл аралык институтунун эксперттери дагы кирери тууралу билдирди.

Узак мөөнөттүү байкоо жүргүзүүнүн алкагында негизинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттары болуп саналган эл аралык байкоочулар Кыргызстандын аймактарына барышат, аймактык жана участоктук шайлоо комиссияларынын иши менен таанышат, саясий партиялардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоодо КМШ ПААдан 32 эл аралык байкоочу байкоо жүргүзгөн. 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоору боюнча референдумда  КМШ ПААдан – 26, 2017-жылы 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо 24 эл аралык байкоочу болгон.