Жаңылыктар
«Социал-Демократтар» саясый партиясы жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындады
Шайлоо 2023
«Социал-Демократтар» саясый партиясы жаңы ыйгарым укуктуу өкүл дайындады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 27-августтагы жыйынында “Социал-Демократтар” саясый партиясынын мурда дайындалган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндөгү билдирүүсүн карады.


КР Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алуу менен, “Социал-Демократтар” саясый партиясынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Айтыевич Касымбековдун 2020-жылдын 7-июлунда БШКнын №34-чечими менен каттоосун жана анын каттоо күбөлүгүн жараксыз деп таануу чечимин кабыл алды.


Боршайком Алтынбек Маратович Алманбетовду “Социал-Демократтар” саясый партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттап, ага кабыл алынган үлгүдөгү каттоо күбөлүгүн берүү токтомун чыгарды.