Жаңылыктар
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун максаты - ишкерликти колдоо - Кыргызстан жаңылыктары
Экономика
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун максаты - ишкерликти колдоо - Кыргызстан жаңылыктары

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформанын негизги максаты – ишкерликти колдоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында билдирди. 

Өкмөт башчынын айтымында, салыктык процедураларды фискалдаштыруу долбоорунун алкагында бир катар компонеттер киргизилди, алар электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу станциялардагы автоматташтырылган система, электрондук товардык коштомо кагаздар, чекене соода кылуучу жайлардын баарына онлайн контролдук-кассалык машиналар орнотуу компоненттери, патент жана камсыздандыруу полиси бир документке бириктирилип, электрондук форматка өткөрүлдү, бажы тармагында инспекциялык кароо комплекстери орнотулду. Премьер-министр бүгүнкү күнү фискалдаштыруунун компоненттеринин эсебинен салыктык төлөмдөр өсө башталганын байкоого болорун кошумчалады. 

Ал эми Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Азыркы тапта бизнес ишкерлерди колдоо боюнча чечкиндүү чараларды көрө элек. Буга чейин өкмөт башчы баары мурдагыдай иштесе анда экономиканы калыбына келтире албайбыз деген. Ишкерлерди колдоого жаңы аракеттер керек экендигин айтты. Мисалы дарылар жетишсиз болуп жатканда коомчулук бир топ кыйналган. Көрсө өлкөдө сырттан жаны препораттарды киргизүүдө бир топ түйшүктөр болгон. Эгерде мурдагыдай бюрократиялык көйгөйлөр чечилбесе, бизнестен ийгилик күтүү оңой эмес.