Жаңылыктар
Россиядагы кыргызстандыктар авиакассалардан билет сатып алып, каалаган күнү келсе болот
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы  кыргызстандыктар авиакассалардан билет сатып алып, каалаган күнү келсе болот

Эми бардык кыргызстандыктар жана Россиянын жарандары авиакассалардан билет сатып алып, Кыргызстанга каалаган күнү келсе болот. Буга чейин мекенге кайтууга аракет кылып, арыз жазып жаткан жарандар бүгүн жок. 



Тышкы иштер министрлигинин чечими менен мындан ары Кыргызстанга кетүүнү каалаган жарандардын тизмесин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана консулдук мекемелери түзбөйт. Каттамдар тууралуу айта турган болсок, чартердик бойдон калат. 


Ошол үчүн билет баасы да арзан эмес, 18 миңден 30 миң рублга чейин. Жол киренин кымбат болушун авиакомпаниялар, Кыргызстандан Россияга кайткан учактар бош же жарым жартылай толуп келүүсү менен байланыштырууда. Эске сала кетсек, Россия кыргызстандыктар үчүн азырынча чек арасын ача элек. Ошол эле мезгилде, россиялыктар Кыргызстанга барса болот. Кадимки каттамдар үчүн аба жолдор сентябрь айынан тартып ачылары күтүлүүдө.


Чартердик каттамдардын саны акыркы аптада 14кө жетти. Бүгүнкү күндө Россиядан Кыргызстанга Авиатраффик, Аэрофлот, Урал жана Сибирь авиакомпанияларынын учактары каттап жатат.

20-марттан 27-августка чейин 159 чартердик каттам уюштурулган. Мекенге 32 миң 777 жаран кайтты. Казакстан аркылуу 149 автобус менен Кыргызстанга 8 миң 191 жаран алып келинген. Ошентип, туулган жерге кайткан мекендештердин жалпы саны 40 миң 968ге жетти.