Жаңылыктар
Баңгизат сактаган жаран кармалды
Кылмыш
Баңгизат сактаган жаран кармалды

Бишкекте мыйзамсыз баңгизат сактаган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Сотко чейинки процесстин алкагында атайын тергөө иш-аракеттери жана тинтүү жүргүзүлгөндүгү көрсөтүлгөн. Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринен жарым синтетикалык баңги заттар: кара куурай, марихуана, героин табылды.

Мындан тышкары, эркек кишинин үйүнөн тамеки чегүү үчүн каражаттар табылды: тамеки чегүүгө арналган мундшуктар, кальян, баңги заттарды чегүүгө ылайыкташтырылган лампалар жана шприцтер. Министрликтин билдирүүсүндө, баңгизаттардын жалпы салмагы 4 килограмм 686 граммды түзгөн. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.