Жаңылыктар
Кыргызстандын жаштары өз добушуңарды сатпоого чакырат
Шайлоо 2023
Кыргызстандын жаштары өз добушуңарды сатпоого чакырат

Жаштарды шайлоочулар арасында шайлоо мыйзамдары тууралуу маалымдоо жана шайлоого активдүү катышууга чакырган «“Голосуй // Шайла” Жаштар лабораториясы» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу расмий аземи өттү.

Шайлоонун жүрүшүндө демократиялык принциптерди сактоо аракетинде жаштардын активдүү катышуусу канчалык маанилүү экендигин БШК төрайымы баса белгилеп кетти.

«Кыргызстандагы шайлоочулардын 29 пайызын 30 жашка чейин жарандар түзөт. Ошондуктан шайлоонун акыйкаттуулугу жана ачыктыгы үчүн жаштардын активдүү позициясы жана алардын тандоосунун жоопкерчилигин түшүнүү абдан маанилүү. Өз кезегинде, БШК шайлоо процесин башкаруу даражасында коррупцияга алып келген жолдорго бөгөт коюу аракетин көрүп келет».

Сынак 13-июлдан 25-августка чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Кыргыз Республикасынын шайлоо процессин колдоо Программасынын алкагындагы өнөктөштүктүн негизинде Германия

Федеративдүү Республикасынын колдоосунда ишке ашырылды.

Сынактын 18 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары болгон 44төн ашуун катышуучулары Жаштар Лабораториясынын эки күндүк онлайн тренингине катышты.

Ар бир катышуучу шайлоочулардын укуктарына байланыштуу темаларды өздөрү тандады (мисалы, «Эмне үчүн шайлоого катышуу керек?», «Эмне үчүн добушту сатуу туура эмес?», «Административдик ресурстарды колдонууга эмне үчүн болбойт экенин түшүнүүнүн мааниси», «Добуш берүүнүн купуялуулугунун мааниси» ж.б.у.с.).

Негизи ушул сыяктуу сынактын идеясынын өзү эле көп нерсени айтып турат. Ар түрдүү ой-пикирге ээ юиздей катышуучуларды бир идея жана чакырык алдында чогултуу мен үчүн кызыгууну жаратты. Албетте, сынактын аң-сезимге тийгизген таасири дагы өзгөчө болдумен жеке өзүм үчүн көп ачылыштарды жараттым..." – Асель Аширалиева, " Жаштар лабораториясы 2020" долбоорунун катышуучусу.

Мындан сырткары, катышуучулар бир катар тренингдерден өтүп, шайлоо укугу боюнча зарыл маалыматтарды алып, алар ойлоп тапкан продуктуларды алга жылдыруу үчүн керек жөндөмдөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Окуунун аягында 30 катышуучуга финансылык колдоо жана тренингде берилген билимдин негизинде өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн убакыт берилди. 10-августта долбоорлор социалдык тармактарга ар бир каалоочу тигил же бул долбоорду колдоп, аны алга жылдырууга көмөктөшө алгыдай кылып чыгарылды.

“Жаштар – биздин өлкөнүн келечеги, мыйзамда так айтылгандай шайлоочулар өз бийлигин тандоо эркиндигине ээ болуш керек. Бул өнөктүктүн максаты жаштардан добуштарын сатпай турганына убада алуу эле. Жаш жана улгайган шайлоочулар шайлоого келүүдө мыйзамсыз жолдор менен шайлоочуларга таасир эткиси келгендер тарабынан коркпошу керек. Биз шайлоочулардын өз тандоосу менен өз лидерлерин шайлаганга мүмкүнчүлүк түзүп берип, шайлоодогу сырды сактап калууда БШКга жардам бергенибиз үчүн кубанып жатабыз”, - деди БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен.

Тренингден алынган жөндөмдөрдү өз долбоорлорун ишке ашырууда колдонушту. Шайлоо темасын кеңири жайылтуу үчүн катышуучулар Омар, Айзада Жамгырчиева,Айпери Кубик кызы,Толгонай Арзыкеева, Нурзат Токтосунова, Бекзада Жолборс, Улан Үсөйүн сыяктуу медиа өкүлдөргө кайрылышты. Катышуучулардын медиа продуктулары өлкөнүн бардык аймактарында жашаган 1 017 025 адамдан турган аудиторияны камтыды.