Жаңылыктар
Абакта жазасын өтөп жактандар жумуш менен камсыз болушат - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Абакта жазасын өтөп жактандар жумуш менен камсыз болушат - Кыргызстан жаңылыктары

Абактагы жарандарды жумуш менен камсыз кылуу багытында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 жана №3 түзөтүү абактарында тигүү цехи менен өтүк тигүү өндүрүшү ачылды. 

Эл аралык уюмдардын колдоосу менен ачылган ишканада абакта жазасын өтөп жактандар жумуш менен камсыз болушат. Бул алардын психологиялык жактан калыптынышына жана мөөнөтү бүткөндөн кийин коомго аралашуусуна оң таасирин тийгизет. Буга чейин №2 аялдар колониясында наабайкана ачылган. 

Учурда наабайкана күнүнө 1200 нан, айына 36000 даана нан өндүрөт. Мекеме өзү нан менен камсыздалат, андан тышкары продукция Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана кароол департаменти, Аба күчтөрүнөн коргонуу аскерлерине, ошондой эле №19 мекемеге сатылат. Мындан сырткары бут кийим тиккен цехте учурда бут кийимдан 4 түрү чыгарылат.