Жаңылыктар
Элине эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар "Манас" ордени менен сыйланат
Кыргызстан жаңылыктары
Элине эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар "Манас" ордени менен сыйланат

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу "Манас" ордени жана "Даңк" медалы менен өлкөнүн өнүгүшүнө эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар сыйланышат.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Кудаяров Дуйшө Кудаярович I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

II даражадагы “Манас” орденине И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамакеев Мамбет Мамакеевич жана акын, коомдук ишмер Омор Султанов татыктуу болушту. 

Ал эми III даражадагы “Манас” ордени менен коомдук ишмер Ашыралиев Кемел сыйланат.  

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» бул Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.