Жаңылыктар
К.Исаев: "Менин маданиятым андайга жол бербейт". Интернетте тараган видео тууралуу үн катты
Шайлоо 2023
К.Исаев: "Менин маданиятым андайга жол бербейт". Интернетте тараган видео тууралуу үн катты

Жүрүп бараткан автоунаанын терезесинен ортоңку колун чогулгандарга көрсөткөн белгисиз адам тууралуу видео интернет колдонуучуларынын талкуусуна жем таштады. Айрымдар, ортоңку колун көрсөткөн адам Канат Исаев деп жазып чыгышса, башкалары ал эмес дешүүдө.

Фейсбук айдыңында Сыймык Жапыкеев аттуу мырза К.Исаевди айыптап, баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

Ал эми Канат Исаевдин тарапташтары, автоунаадагы колун көрсөткөн адам Канат Исаев эмес экенин айтышып, Исаев ак түстөгү автоунаа менен жүрөөрүн айтышты. Мындан тышкары, Канат Исаев сот имаратына кийип келген көйнөгү менен автоунаада колун көрсөткөн адамдын кийими эки башка экенин сүрөттөрдөн байкоого болот.

Эске салсак, 25-августта БШКнын жумушчу тобу «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Жумушчу топ партия документ тапшыруу жараянында эреже бузган деп тапкан. Ал эми сот бул чечимди жокко чыгарган. Соттук отурум бүткөн соң, жүрүп бараткан автоунаанын ичинен белгисиз жаран чогулган адамдарга колун көрсөткөн.