Жаңылыктар
Эпидемиологиялык кырдаал толук турукташканча айрым чектөөлөр айлынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эпидемиологиялык кырдаал толук турукташканча айрым чектөөлөр айлынбайт

Эпидемиологиялык кырдаал толук турукташканга чейин борбор калаада айрым тармактардын ишмердигине карата чектөөлөр күчүндө болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. 

Анын айтымында, учурда коомдук транспорт таңкы 7ден түнкү саат 11ге чейин иштеп жатат. Ал эми күндүзгү саат 11ден 14:00го чейин унааларда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүшү керек. Ири соода борборлору жана кафе-ресторандар 7ден түнкү 12ге чейин, базарлар кечки саат бешке чейин иштеп жатат. Бүгүнтөн тарта калаадагы акыркы стационар жабылды. 

Бирок, шартка жараша аларды ачууга даярдык көрүлдү. Ошондой эле, быйылкы жаңы окуу жылынын эреже тартиптери өзгөрдү. Мектептер быйыл биринчи класстын окуучуларын гана кабыл алат, калган класстарга сабак онлайн түрүндө башталмакчы. Ар бир билим берүү мекемелерине санитардык гигиеналык талаптарды так сактоо тапшырылды. 

Вице-мэр ошондой эле, 31-август, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.