Жаңылыктар
Жогорку Кеңеш: жаңы 3 депутатка мандат тапшырылды
Шайлоо 2023
Жогорку Кеңеш: жаңы 3 депутатка мандат тапшырылды

КР ЖК депутатынын бош мандаты Койчуманов Мээримбек Нурбековичке өткөрүп берилди

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Койчуманов Мээримбек Нурбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.

ЖК депутаты Төлөнов Данияр Эрмековичтин ыйгарым укуктарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы өз жыйналышында “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төлөнов Данияр Эрмековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтом Д.Э. Төлөновдун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

ЖК депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-августтагы өз жыйналышында “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Токтом А. Жунус уулунун ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн жеке арызынын негизинде кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунус уулу Алтынбектин күбөлүгү анык эмес деп табылды.