Жаңылыктар
Балдарды мектепке даярдоо - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
Балдарды мектепке даярдоо - Кыргызстан жаңылыктары

Мектепке барууну Азалия Нуркамилова чыдамсыздык менен күтүүдө. Окуу куралдарын, портфелин жана кийимин алдын ала бир ай мурда даярдап койгон. Эми ата - энесин уят кылбай жакшы окуй турганын айтат.

Кызынын көп тилде эркин сүйлөөсүн жана терең билимдүү болуусун каалаган апасы көп мектептердин ичинен калаадагы чет тилдерге өзгөчө басым жасап окуткан Т. Сатылганов атындагы №69- гимназияны тандаган.

Азалия тандаган билим уясы быйыл 1-класска 225 окуучуну кабыл алат. Негизи 4 класска бөлүнө турган окуучулар эми жугуштуу тумоонун себебинен аралыкты сактоо максатында 8 класска бөлүштүрүлдү.

Башталгыч класста билим пайдубалынын бекем түптөлүшү, билимдүү болуунун башаты. Мындан улам мугалимдер 1-класстын окууучуларына өзгөчө көңүл бөлүп, терең билим берүү үчүн шарттарды түзүп берүүдө. 1-класстарды окутуу шарттары мугалимдердин август конференциясында да айтылды.

Келечектин отун жандырган билим уялардын босогосун биринчи жолу жалпы республика боюнча 156 миңден ашык окуучу аттайт. Алардын окуу көндүмдөрү калыптандырылбагандыгын эске алып, жаңы окуу жылынын биринчи чейрегинде менчик формасына карабастан, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 1-класстарды окутуу салттуу негизде жүргүзүлөөрүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.