Жаңылыктар
Эмгеги бааланган дарыгер - Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгеги бааланган дарыгер - Кыргызстан жаңылыктары

Мырзайым Бакирова Бишкектеги темир жол ооруканасында 10 жылдан бери эмгектенет. Өлкөнү кооптуу тумоо каптаган кезде башка дарыгердер сыяктуу эле Бакирова да четте турган жок. Алгачкылардан болуп “кызыл зонада” иштеп, үй-бүлөсүн көрбөй, калк саламаттыгы үчүн кызмат кылды. Эми минтип, үзүрлүү эмгеги бааланып, COVID-19 илдети менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына татыды.

Мырзайым Бакирова "кызыл зонада" иштеп жургөн учурда өзү да вирус жуктуруп алган. Оорудан айыгаары менен кесиптештерине көмөк көрсөтүү үчүн кайрадан кызматына киришкен. Дарыгер, өлкөдө абал турукташып калганы менен тийиштүүү ченемдерди сактоо зарылдыгын эскертет.

Мырзайым Бакирова 35 жашта. Жаш болсо да ишин мыкты билген тажрыйбалуу дарыгерлердин катарында. Ак халатчан далай бейтаптардын сакайтты. Оорудан жакшы болгон бейтаптар дарыгерге ыраазыччылыгын бидирет.

Каарманыбыздын кесиптештеринин айтымында, Бакирова өз ишин мыкты билген дасыккан дарыгер эле эмес, адамдык сапаты бийик, эмгекчил инсан.

Мырзайым Бакированын үй-бүлө мүчөлөрү да медицина кызматкерлери. Жолдошу жана кайненеси да бир нече жылдардан бери адам өмүрү үчүн жан үрөп иштеп келе жатат. "Эл үчүн дагы да талыкпай кызмат кыла беребиз дешет"- ак халатчандар.