Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргызстан" саясий партиясына документтерди кайтаруу чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, БШК Бишкек шаарынын административдик сотунун «Кыргызстан» саясий партиясына талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кайтарып берүү жөнүндө БШКнын чечимин жараксыз деп тапкан чечимине макул болгон жок.
БШК "Кыргызстан" партиясы боюнча Жогорку Сотко кассациялык даттануу берди.