31-август күнү Бишкектин Чүй проспектисинде унаа кыймылы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган иш-чарага байланыштуу Чүй проспектисинин Тыныстанов көчүсү менен кесилишинен тарта Тоголок Молдого чейинки аралыгында унаа кыймылы токтотулат. Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.