Жаңылыктар
Тышкы байланышты калыптандыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы байланышты калыптандыруу

1-сентябрдан тартып Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду. Өзбекстан эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилди. 

21-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзгөн. Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб буга чейин тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турарын билдирген.