Жаңылыктар
Өзбекстан: COVID менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн акча уурдалган
Дүйнө
Өзбекстан: COVID менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн акча уурдалган

Өзбекстанда «Боорукердик жана ден соолук» фондунун башчысы жана башка кызматкерлери коронавирус пандемиясы менен күрөшүү үчүн түшкөн каражаттан 273 миң доллар уурдап алууга шектелүүдө.

Башкы прокуратура кордун жетекчиси Асрол Мирзахмедов жана башка бир нече кызматкерди медициналык жабдууларды жана дары-дармектерди атайлап кымбат баада сатып алууга айыптоодо.

Шектүүлөр кармалган-кармалбаганы айтыла элек. Бирок аларга расмий түрдө ири өлчөмдө каражат уурдоо боюнча айып тагылды.

«Боорукердик жана ден соолук» фонду соңку айларда COVID-19 менен күрөшүү долбоорлорунун алкагыда кайрымдуулук иретинде миллиондогон долларларды алган.

Өзбек тектүү орусиялык олигарх Алишер Усманов эле Ташкенттеги ооруканалар үчүн заманбап жабдууларды сатып алууга 20 миллион доллар бөлгөн.