Жаңылыктар
А.Туткучев: "Айткан ушакчы эмес, тараткан ушакчы". Саламат Садыкова тууралуу жеке пикири
Маданият
А.Туткучев: "Айткан ушакчы эмес, тараткан ушакчы". Саламат Садыкова тууралуу жеке пикири

Саламат Садыкованын дарегине жаман сөз айтпагыла. Мындай пикирди төкмө акын Аалы Туткучев фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анын жазганына караганда, айрым бузуку адамдар элди чабыштырууну көздөп жатат. Акындын жазгандарын өзгөртүүсүз беребиз.

"Бала кездин ар бир таңында Саламат Садыкова эженин “Ала-Тоо” ыры жаңырып мектепке ойготоор эле. Уйкудан гана ойготпой, сезимди да ойготууга салымы зор. Ал учурда айрымдарыбыз нанды “Нана”, этти “быпый” деп жүрсөк керек. Айткан ушакчы эмес, тараткан ушакчы. Кооз өскөн гүлдүн жанында тезек жаткандай эле, жакшынын жанында жамандар да жүрөт. Тар чөйрөдө тамаша катары нелер гана айтылбайт. Аны элге таратуу карамүртөздүн кылган иши. Жаман сөз айтпагыла жаштар. Ал эми, менин илгери бир ырдаган ырымды колдонуп чабыштырып жаткандар этияттагыла. Элибизде ынтымак болсун!",- Аалы Туткучев.


Эске сала кетсек, "Ат-Башы эли таза кыргыз эмес..." деген сөздөрдү айткан Саламат Садыкованын видеосу интернет айдыңында желдей тараган.