Жаңылыктар
Дарбыз арыктоого жардам берет
Ден соолук
Дарбыз арыктоого жардам берет

Жай - күз мезгилинин эң таттуу мөмөсү бул албетте - дарбыз. Дарбыздын курамында 6%дан 13%га чейин оңой сиңүүчү канттар (глюкоза, фруктоза жана сахароза) бар.  Бышкан мезгилде глюкоза жана фруктоза басымдуулук кылат, дарбызды сактоо учурунда курамында  сахароза топтолот. Жемиштин жегенге жарактуу бөлүгүнүн 100 граммында болгону 38ккал бар. Демек, арыктоону каалагандар үчүн табылгыс азык.

Дарбыздын жумшак этинде А витамини, В витамини (В1, В2, В6, В9 жана РР), С витамини, Е витамини, магний, калий, кальций, фосфор, темир, натрий бар.

Дарбызда көп болгон антиоксиданттарга ликопин, ниацин жана тиамин, ошондой эле каротин, рибофлавин жана аскорбин кислотасы кирет.

Таттуу дарбыздын мындай курамы организмге көптөгөн оң таасирлерди жаратат.

Биринчиден, суунун көп болушу дарбызды заара чыгаруучу жана холеретикалык каражат катары колдонууга мүмкүндүк берет.  Дарбыздын ширеси боорду жана бөйрөктү токсиндерден тазалайт. Экинчиден, дарбыздын курамындагы диетикалык жумшак талчалар холестеролду азайтууга жардам берет. Үчүнчүдөн, дарбыздагы фолий кислотасынын курамы ДНК менен РНКнын пайда болушуна, клеткалардын бөлүнүшүнө, белок алмашуусуна оң таасирин тийгизип, теринин, чачтын сулуулугуна жана ден-соолугуна, ошондой эле тамак сиңирүү органдарынын иштешине оң таасир этет.

Дарбыздагы бир эле магнийдин жана ар кандай антиоксиданттардын курамы анын стресске каршы касиетин аныктайт, ал эми дарбыздын жайкы даамы организмдеги кубаныч гормондорунун өндүрүлүшүнө таасир этет.

Дарбызды колдонуу адамдын иммундук системасын чыңдайт, көрүүнү туруктуу кылат.

Денеден ашыкча суюктукту чыгарып, дарбыз бир нече ашыкча килограммдан арылууга жардам берет. Ошол эле учурда, ал ачкачылык сезимин канааттандырып, дагы бир шам-шум эткенге болгон каалоону басат.

Жайкысын, дарбыз суусунду басып, сергитүүчү касиетке ээ. Ширелер менен газдалган сууларга караганда ден-соолукка алда канча пайдалуу.

Дарбыз - тамак-ашта өзүн туура эмес пайдалангандыгы үчүн тымызын өч алуучу мөмөлөрдүн бири.
Дарбызда  микробдорду көбөйтүү касиетке ээ. Ошондуктан бузулган же кесилген жемиштерди сатып албаңыз, ошондой эле ачылган, жарым желген дарбызды муздаткычтын сыртында сактай албайсыз.