Жаңылыктар
Эгемендүүлүккө карата Москвадагы мекендештер кемеде концерт уюштурду
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүккө карата Москвадагы мекендештер кемеде концерт уюштурду

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө карата Москва шаарындагы мекендештер кемеде концерт уюштурду. Москва дарыясынын жээгинде кыргыз кайрыктары менен комуз үнү жаңырды. 


Өз өлкөсүнөн алыс жүргөн ар бир мекендешибиздин ой-санаасы, тилеги туулган жери Кыргызстан менен байланыштуу. “Ийгилик” аталышындагы кемеде чыныгы кыргыз жыттанган майрамдык маанай орноду. Маданият ишмерлери мекенине болгон сүйүүсүн, улуттук бийлер, ырлар жана күүлөр менен чагылдырып берди.



Бул жерде 7 дубандын өкүлдөрү чогулган. Ар биринин башынан мигранттын жеңил эмес тагдыры өткөн. Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, алар сүйүктүү ишин таштап салбай, улуттук нарк-насил, салт-санаа менен маданиятын бөтөн жерде унутта калтырбай келет.