Жаңылыктар
Кавасаки сыяктуу синдром Казакстанда балдардан аныкталды
Ден соолук
Кавасаки сыяктуу синдром Казакстанда балдардан аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү, Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун кеңешинин төрайымы Риза Боронбаева: «Кавасакиге окшош дарт деп Казакстанда 16 балага диагноз коюлганын билдирди -  деп «Хабар 24» агенттиги маалымдайт. Алардын жарымы үйлөрүнө жөнөтүлдү, калганы дарылоону улантып жатышат.

Белгилери сейрек кездешүүчү Кавасаки синдромуна окшош. Бирок анализдерин чаташтырбаш керек. Пандемия башталганда өлкөдө COVID-19 менен ооруган 2,5 миң жаш пациенттер болду. Алардын арасында жүздөн ашуун ымыркайлар бар. Оорулуулардын көпчүлүгү болжол менен  80% жеңил, симптомсуз формада жабыркашкан. Өлүмгө алып келген натыйжалар болгон жок.

- Кавасаки оорусунун жана Кавасаки сыяктуу синдромдун клиникалык белгилери окшош. Бирден-бир чоң айырмачылыгы – кавасаки оорусу кичинекей балдарда гана кездешет. Кавасаки илдети быйыл беш балада, өткөн жылы – үч балада аныкталган. – деди Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий  борборунун кеңешинин төрайымы Риза Боронбаева.