Жаңылыктар
Берешен балдар белек алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Берешен балдар белек алышты

Өлкөнү кооптуу тумоо каптап, эл оор кырдаалга кабылган учурда жардамга муктаж адамдарга кол сунуп, телефон же башка керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн кутучага чогултуп жаткан акчаларын берген сегиз балага президенттин атынан планшет тапшырылды. 

Мындай белекти балдар Ала-Тоо аянтында уюштурулган Эгемендүүлүк майрамында алышты. Балдар үчүн мамлекет башчысынын белеги күтүүсүз болгонун айткан ата-энелер жаңы окуу жылына карата балдар онлайн окуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү дешти.