Жаңылыктар
"Көз карандысыздыгыбыз – эң ыйык дөөлөтүбүз" - Жээнбеков
Кыргызстан жаңылыктары
"Көз карандысыздыгыбыз – эң ыйык дөөлөтүбүз" - Жээнбеков

 Бүгүн, 31-августта, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктады. 

Көз карандысыздыгыбыз – эң ыйык дөөлөтүбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз - ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз.

Эркиндигибиз - ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз.Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын, элибиздин ынтымагын, жерибиздин бүтүндүгүн көзүбүздүн карегиндей коргоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Быйыл, эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын, жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгилеп жатабыз. Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанатуу иш-чаралар болбой калды - деди мамлекет башчысы Ала-Тоо аянтында Көз карандысыздыктын 29 жылдык майрамын белгилөө учурунда.